Бишкекте жерге мунапыс берүү иштери уланууда
Бишкекте жерге мунапыс берүүнүн алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу иштери активдүү жүрүүдө.
Мэриядан маалымдашкандай, бүгүнкү күндө Свердлов районунда 83 жолу комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Келип түшкөн арыздардын саны 5 671 болсо, 2083 токтом чыгарылган.
Октябрь районунда жер мунапысы башталгандан бери 210 жашоочуга жер тилкесин бекитип берүү боюнча чечим кабыл алынган. Келип түшкөн арыздардын саны 8 074, 42 жолу комиссиянын отуруму өткөрүлдү.
Кошумчалай кетсек, учурда жер мунапысына туш келген объекттер боюнча маалыматтарды текшерүү жана комиссиянын кароосуна даярдоо үчүн тактоо иштери уланууда.
Маалымат үчүн: Жерге мунапыс жарандарга жеке турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырууга багытталган жана тиешелүү документтерди белгиленген тартипте жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк берет.