Бишкектеги ипотекалык үйдүн биринчи кабатында мектеп иштей баштады.

Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания салган үйлөрдүн биринде №40 мектептин филиалы ачылганын мэриядан билдиришти.

Ал Маликов көчөсүндөгү "Мурас" турак жай комплексинин биринчи кабатында жайгашып, 5-9-класстын окуучулары окуйт. Имарат 1 000 балага ылайыкташып, сабактар эки нөөмөттө өтөт.

"Убактылуу, бирок натыйжалуу чечим болду. Балдарды үйүнө жакын жерде сапаттуу билим менен камсыз кылып, жаңы мектептер жана бала бакчалар курулгуча жакынкы окуу жайларга түшкөн жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деп белгиленген мэриянын маалыматында.

08:43, 21-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар