Жети-Өгүздө көкбөрүдө чыккан жаңжалда бир киши каза болду

10-октябрда Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көк бөрү оюнунан чыккан чырда 34 жаштагы киши жараат алып, эсине келбей каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы 18-октябрда маалымат таратты.

Анда 10-октябрда Жети-Өгүз райондук милициясына Тилекмат айылынын 23 жаштагы тургуну кайрылган. Ал Жеңиш айылында өткөн көк бөрү оюнунда Саруу айылынын эки тургуну ур-токмокко алып, денесине зыян келтиргенин билдирген.

“Ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Тилекмат жана Саруу айылдарынын командаларынын ортосунда өткөн оюн маалында пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыккан. Окуянын натыйжасында Тилекмат айылынын 1991-жылкы тургуну Ж.А. денесинен жараат алып, эсине келбей каза болгон”, - деп жазылган маалыматта.

Бул фактыны Жети-Өгүз райондук милициясы каттап, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү”) жана 280-беренесинин (“Бейбаштык”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Шектүү катары төрт киши кармалып, 13-октябрда райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

09:30, 20-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар