БШК талапкерлер эң көп катталган шайлоо округун атады
Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 287ге жетти. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, №1 шайлоо округунда эң көп талапкер болууда. Жалпысынан 18 адамдан арыз түшкөн. Андан кийин №3 округдан 14 талапкер, №19 округ - 15 киши, №14 округ – 14 адам, №27 округдан да 14 киши арыз берген.
"Бардык округдарда активдүү иштер жүрүүдө. Талапкердердин арасында депутат, журналист, мамлекеттик кызматкер, саясатчылар, жумушу жоктор, дарыгер, мугалимдер бар. Башка айтканда, бардык тармактын өкүлдөрү талапкерлигин көрсөтүүдө", - деди ал.
БШКнын маалыматы боюнча, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Ал эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда ѳтѳт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.