Токмокто мушташкан окуучулар милицияга жеткирилди
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн катышкан жапырт мушташ фактысы боюнча маалымат таратты.
Мунун алдында социалдык тармактарда өспүрүмдөрдүн топтолуп мушташкан видеосу тараган. Анда окуя Токмок шаарында болгону баяндалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 14-октябрь күнү Токмок шаардык милициясына аталган калаанын 1-кичирайону менен Чүй районуна караштуу Мээнеткеч айылынын ортосундагы бош жерде өспүрүмдөрдүн мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөнү такталган. Факты катталып, териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери мушташ Токмок шаарындагы эки мектептин 9-класстарынын окуучуларынын ортосунда чыкканын аныкташкан.
Окуянын катышуучулары такталып, шаардык милицияга жеткирилген. Алар менен түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.