2026-жылдан тарта ресторан-кафелерде тейлөө үчүн акча алынбайт

 

Жаңы жылдан, тагыраагы, 1-январдан баштап өлкөдөгү коомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн акы алынбайт. Мындай токтомду министрлер кабинети кабыл алды.

Жаңы эреже-талаптардан улам ресторандар менен кафелер 2026-жылдын 1-январына чейин менюларын, баа тизмелерин жана кассалык программаларын талапка ылайыкташы зарыл.

Эми бардык кызматтардын наркы тамактардын тизмесиндеги жалпы баанын ичинде болушу шарт. Тагыраагы, тамактанып чыккан кишинин төлөй турган акчасы эч кандай кошумчасыз, ошол расмий көрсөтүлгөн баадай болушу керек.

 

11:36, 15-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар