Кытай АКШ менен соода согушуна даяр экенин билдирди

Кытай АКШ менен соода согушуна даяр, бирок сүйлөшүүлөргө да ачык. Бул тууралуу РИА Новостиге Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин маалымат катчысы Лю Пэнъюй билдирди.

"Соода согушуна келсек, Кытайдын позициясы түшүнүктүү. Эгер мушташ болсо, мушташабыз, сүйлөшүүлөр болсо — эшик ачык", — деди ал.

Дипломат Кошмо Штаттар Кытайдан сүйлөшүүлөрдү талап кылып, ошол эле учурда бажы төлөмдөрү менен коркута албай турганын белгиледи.

"Бул Кытай менен иштешүүнүн туура эмес жолу", — деди Лю Пэнъюй.

Элчиликтин өкүлү мындай жаңылыш мамилени мүмкүн болушунча эртерээк оңдоп, сүйлөшүүлөрдү чын дил менен жүргүзүүгө чакырды. Ал ошондой эле маселелерди диалог аркылуу чечүү жана өлкөлөр ортосунда туруктуу мамилени илгерилетүү зарыл экенин белгиледи.

"Кызматташуу эки тарапка тең пайда алып келет, чыр-чатактан эки тарап тең зыян тартат. Соода жана экономикалык консультациялардын мурунку раунддары Кытай менен АКШ көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун таба аларын толук көрсөттү. Бул үчүн өз ара сыйлашуу жана тең укуктуулук сакталышы керек", — деди дипломат.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы согушу

Пекин менен Вашингтон соода согушунун алдында турат. Мындай абал АКШнын президенти Дональд Трамп февраль айында Кытайдан келген бардык товарларга 10 пайыздык бажы салыгын киргизгенден кийин жаралган. Соода согушундагы бир катар кадамдардан кийин АКШнын Кытай товарларына болгон кошумча "өз ара" алымы 125 пайызга жетти, КЭРдин америкалык товарларга болгон алымы дагы ошончону (125 пайыз) түздү. Мындан тышкары, синтетикалык баңгизатка каршы жетиштүү күрөш жүргүзбөгөндүгү үчүн Кытайга карата АКШнын 20 пайыздык бажы алымы бар.

Май айында Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пекин менен Вашингтон кошумча алымдардын 115 пайызын жокко чыгарууну макулдашкан. Ага ылайык, АКШ Кытай товарларына болгон тарифти 145тен 30 пайызга чейин төмөндөтсө, Пекин америкалык товарларга болгон чекти 125тен 10го чейин азайткан. 14-майдан баштап ишке кирген мындай соода режими 90 күнгө созулмак.

2025-жылдын августунда тараптар колдонуудагы келишимди дагы 90 күнгө, 2025-жылдын 10-ноябрына чейин узартышкан.

 

09:30, 15-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар