Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар ЖК шайлоосунда кантип добуш бере алат?

Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда кантип добуш бере аларын Тышкы иштер министрлиги билдирди (ТИМ).

Маалыматка караганда, өлкө аймагынан тышкары добуш берүүгө шарт түзгөн онлайн-идентификация ыкмасы киргизилди. Ал аркылуу жарандар Кыргызстандагы туруктуу катталган жерине келбей эле чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат.

"Добуш берүүгө Кыргызстандын аймагында катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон жарандар катыша алат. Шайлоочуга анын катталган аймагындагы округдун бюллетени берилет жана бир гана талапкерге же "баарына каршы" добуш берүүгө болот", — деди ТИМ.

 

11:30, 13-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар