Ысык-Көлдөн 1500 метр тор чыгарылып, 114 балык сууга коё берилди
Ысык-Көлдөн суучулдар 12-октябрга караган түнү 1500 метр тор чыгарып, 114 балыкты сууга коё беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Тоң районунун тушунан табылган 1500 метрге жеткен синтетикалык тор жаңы салынганы аныкталды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.
Учурда ӨКМ тарабынан көлдү тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, октябрга чейин көлдөн 80 миңден ашык тор чыгарылды.