Бишкекте кыргызча ката жазылган көчө аталыштары оңдолуп, айрымдары алынууда

Бишкекте кыргыз тилинде ката жазылып, өз билемдик менен илинген көчө аталыштары, жарнама такталар алынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет кээ бир жеке жактар такталардагы жазууларды текшертпестен, өз алдынча илип коюп жатканын белгилеген.

"Ушуга байланыштуу райондук администрациялар, муниципалдык аймактык башкармалыктар жана кварталдык комитеттер көчө аталыштарынын аншлагдарын текшерип, каталарды оңдоо, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталарды алуу боюнча текшерүү жүргүзүп, рейд өткөрүүдө. Анда түшүндүрүү иштери менен катар эскертүүлөр берилүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Мэрия мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга таянып көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде гана жазыларын эске салды.

Буга чейин соцтармакка Токтогула, Касы-Малы Жантөшөв деген жазуулар менен көчөгө илинген такталардын сүрөттөрү пайда болуп, интернет колдонуучулар туура эмес жазып койгондорду катуу сындашкан.

 

18:32, 11-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар