Өкмөттө мунай резервинин көлөмү, бааны көзөмөлдөө жана ташуу талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттөн билдиришти.

Анда мунайды ташып келүү, логистика жана резервдин көлөмү талкууланган.

"Жеткирүүлөрдүн туруктуулугуна, ички рынокто тартыштыкты алдын алууга жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Бааны аныктоого көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырма коюлду", — деп айтылат маалыматта.

 

09:59, 09-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар