2026-жылы жездин баасы тоннасына $10,5 миңге чейин көтөрүлүшү мүмкүн
Goldman Sachs банкы 2026-жылга карата жездин баасы боюнча божомолун жогорулатып, мурда күтүлгөн $10 миңдин ордуна $10,5 миң долларга чейин өсөрүн билдирди. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги маалымдады.
Банк бул өзгөрүүнү Индонезиядагы Grasberg кениндеги жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы, АКШ долларынын алсырашына жана пайыздык чендердин төмөндөшүнө байланыштырды.
“Жездин баасы $10–11 миң доллар диапазонуна кайтып келди. Чийки заттын тартыштыгы жана экономиканын негизги тармактарында суроо-талаптын өсүшү 2026-жылдан тарта жаңы баа деңгээлин калыптандырып жатат”,-деп айтылат Goldman Sachsтын билдирүүсүндө.
Лондон металл биржасында (LME) жездин фьючерстеринин баасы дүйшөмбү күнү 0,8%га төмөндөп, тоннасына $10,67 миңге түшкөн.
Эске сала кетсек, дүйнөдөгү эң ири жез жана алтын өндүрүүчүлөрдүн бири Freeport-McMoRan сентябрдын аягында Grasberg кенинде болгон кырсыктан улам форс-мажор жарыялаган. Бул кырсык адам өлүмүнө алып келген.
Goldman Sachsтын адистеринин айтымында, бул кырдаалдын айынан 2025-жылы дүйнөлүк жез өндүрүшүнүн өсүшү мурда күтүлгөн 0,8% эмес, болгону 0,2%ды түзөт. Ал эми 2026-жылы өндүрүш 1,9%га көбөйөрү божомолдонууда (мурун 2,2% деп айтылган).
Мунун натыйжасында, аналитиктер 2025-жылы дүйнөлүк жез рыногунда 55,5 миң тонналык дефицит жараларын күтүшүүдө. Мурда, тескерисинче, 105 миң тонналык ашыкча көлөм (профицит) болот деп болжолдонгон эле. 2026-жылы рынок тең салмактуу абалга келери айтылат.