КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Душанбеде аймактык коопсуздукту талкуулайт

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекет башчылары 10-октябрда Душанбе шаарында өтө турган саммитте аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып ТАСС билдирди.

Анын маалыматына ылайык, шериктештик өлкөлөрүнүн лидерлери эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелерин талкуулашат. Саммит Улут сарайында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы астында өтөт.

Мындан тышкары, саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле шериктештиктин алкагында гуманитардык жана маданий тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

"Жолугушуунун жыйынтыгында лидерлер көп тараптуу форматтагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюшат", - деп айтылат маалыматта.

 

08:32, 08-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар