Айсулууну өлтүрүүгө шек саналган адам эки айга камалды
Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналып кармалган 41 жаштагы адам Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирип, ишти мындан ары министрликтин Тергөө кызматы тергей турганын кошумчалады.
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын окуясы коомчулукту нес кылды. Кыз 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
ИИМ 41 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон жаран экенин, ушул тапта ал Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын маалымдаган.