Британия, Канада, Австралия жана Португалия Палестина мамлекетин тааныды

Улуу Британия, Канада жана Австралия Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Жекшембиде бул өлкөлөрдүн катарына Португалия дагы кошулганын Би-Би-Си жазды. Франция дагы ушул жумада жарыялайт деп күтүлүүдө.

Израил АКШ менен Европада террордук деп табылган ХАМАС тобу 2023-жылы 7-октябрда барымтага алган ондогон израилдиктер дагы эле бошотула электигин белгилеп, мындай чечимди "террорго багынып берүү" деп атады.

Канаданын премьер-министри Марк Карни "Израил өкмөтү Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөө үчүн методикалык түрдө иштеп жатканын” билдирди.

Карни Палестина бийлиги Канада жана эл аралык коомчулук менен бирге келерки жылы шайлоо өткөрүү, мамлекетин демилитаризациялоо жана башка реформаларды жүргүзүү үчүн иштеп жатканын айтты. Бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок.

"Канада жана Улуу Британия менен бирге Палестина мамлекетин таануу эл аралык аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат", - деп айтылат Австралия өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганын жарыялагандан кийин "Эки мамлекет жаңжалды чечет деген үмүт жоголуп баратат, бирок биз ал үмүттүн өчүшүнө жол бербешибиз керек", - деди.

Ошол эле учурда Улуу Британия ХАМАС тобуна каршы жаңы санкция салды. "ХАМАСтын палестин мамлекетин башкарууда жана коопсуздугун камсыздоодо келечеги жок", - деди Стармер.

Палестин автономиясынын тышкы иштер министри Варсен Агабекян мамлекетти таануу эки мамлекет принцибин сактап, Палестинанын көз каранды эместигин жана эгемендигин сүрөгөн кадам экенин белгиледи. "Согуш эртең бүтпөшү мүмкүн, бирок бул биз мындан ары дагы өнүгүшүбүз керек болгон алдыга кадам", - деп билдирди Агабекян Reuters агенттигине.

Палестинанын администрациясы Иордан дарыясынын Батыш жээгин көзөмөлдөйт. Газа тилкесинин бийлиги 2007-жылдан бери ХАМАСтын колунда.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги Австралия, Британия жана Канаданын чечимин сынга алып, муну ХАМАСка "сыйлык" катары баалап жатат.

Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн 150гө жакыны тааныган.

11:22, 22-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар