Акыркы жумада өлкө аймагында 255 мас айдоочу аныкталды

Алдын ала маалымат боюнча, 15-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкө аймагында 22 692 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

тийиштүү документтери жокунаа башкаруу – 1 379;

мас абалында унаа башкаруу – 255;

унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 146;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 655;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 546;

авто ээнбаштык – 17;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 633;

жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 502;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 552  унаа убактылуу айып короого токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

 

09:45, 22-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар