Францияда ири уюлдук оператордун 6,4 млн кардарынын жеке маалыматтары уурдалды
Франциядагы эң ири уюлдук байланыш операторлорунун бири болгон Bouygues Telecom киберчабуулга кабылды. Хакерлер тарабынан 6,4 млн кардардын жеке маалыматтары уурдалганы тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Компаниянын маалыматына ылайык, банк карталарынын номерлери менен сырсөздөргө чабуул болгон эмес. Мобилдик оператор окуя тууралуу бардык кардарларын кабардар кылган. Ошондой эле сот органдарына арыз берген.