Бишкекте Камчы Көлбаевдин бир тууганы кармалды

Бишкекте Камчы Көлбаевдин бир тууганы кармалды

Өткөн аптада ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жок кылынган кримавторитет Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев кармалды. Аны менен кошо дагы үч киши кармалган. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянуу менен жазат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар жер тилкелерине байланыштуу кылмыш ишине тиешеси бар. Мүмкүн болгон кылмыштардын расмий чоо-жайы жана квалификациясы азырынча айтыла элек.

Маалым болгондой, Жолдошбек Көлбаев Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) Борбор Азиядагы аймактык академиясынын директору кызматын аркалап келет.

Эске салсак, Камчы Көлбаев 2023-жылдын октябрь айында Бишкекте жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында жок кылынган.

12:05, 16-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар