Кыргызстанда биринчи жолу жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты өткөрүлөт
Кыргызстанда биринчи жолу WorldSkills деп аталган жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, улуттук чемпионат 20-февралга пландалган. Ага кесиптик лицей жана колледждерде окуган окуучулар катышат.
Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен студенттер 20-22-февралда ширетүүчү, ашпозчу жана мода технологиясы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөрү кошумчаланды.