Баткенде чөө адамдарга жана үй жандыктарына кол салды

30- январда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында 3 жаранга  чөө кол салган. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен кабарлады.

Аймакта эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын чукул отуруму өттү.

Маалыматка караганда, жабыркаган жарандар ооруканага кайрылып, аларга кутурмага каршы вакцина дайындалып, эмдөө алууда.

Чөө  ошол эле күнү жок кылынган. Ал үч жарандан сырткары бир канча үй жаныбарларына да кол салган.

Ветеринардык кызматкерлер айылдагы иттерди атууда.

09:43, 05-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар