ЖЭБдеги авария: Акылбек Жапаров Алматыдан шашылыш Бишкекке учту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ТЭЦтеги авариядан улам Алматыдан шашылыш Бишкекке учту.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы штабдын чукул жыйынын өткөрөт.
2-февралга караган түнү Бишкектеги ТЭЦте авария катталып, саат 03:00дө жарылуу болгон. Учурда айрым үйлөргө жылуулук менен ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Кырсыктын кесепети такталууда.