Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5 миңге жакын жаңы учуру катталат
Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунун "Текшерилүүгө убакыт келди, рактан бир кадам алдыда болгула" аталышындагы иш-чарасында айтылган. Маалыматтык жыйын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте өткөрүлгөн.
Билдирмеге ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан рактан каза болгондордун саны боюнча биринчи орунда турат. Ак халатчандар ооруну эрте аныктоо үчүн рактын алгачкы белгилери тууралуу калкты маалымдоону жогорулатуу, үзгүлтүксүз профилактикалык жана скринингдик текшерүүлөрдү жасоо зарылдыгын белгилешет.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда ашказан рагы менен ооругандардын саны 7063 адамды түзөт. Көкүрөк рагына чалдыккандардын саны 697 адам. Ал эми өпкө рагы менен 502 адам ооруйт. Ошондой эле жатын моюнчасынын рагы менен 421 бейтап катталган.