“338 жаранга жер тилкесин эки жолу саткан”. Сокулукта бир топ мамлекеттик кызматкерлер жемкорлукка айыпталууда
Чүйдүн Сокулук районунда жер тилкелерин бөлүштүрүүдө, кайра каттоодо коррупциялык иштерге барган деген шек менен жергиликтүү кеңештин төрт депутаты, айыл аймагынын кызматкерлери - жалпы тогуз киши кармалды.
Буга чейин Чүй облусунун аймагында ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп сатууга шектүү 26 адамга козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнү айтылган. Алардын арасында “Кадастрдын”, архитектуранын жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери бар. Аларга дагы “Коррупция” беренеси менен иш козголгон эле.
Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн арасында Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары да бар.
Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн үй-жайларын, иш ордуларын тинтүү учурунда мурда кабыл алган чечимдер жана башка документтер алынган. Кылмышка шек саналып Новопавловка айыл аймагынын башчысынын орун басары Т.Н., ушул аймактын жер боюнча адиси С.А., айылдык кеңештин мурдагы төрт депутаты, "Семетей-Интер" фондунун үч мүчөсү кармалган.
Маалыматка ылайык, жер тилкелерин берүү боюнча жалган тизме түзүп, Семетей конушунан 338 жаранга жер тилке берилген. Бирок, ушул эле жер тилкелери Новоповловка айыл аймагынын 2011жылдагы токтомуна ылайык башка жарандарга бөлүштүрүлүп берилген. Мындан улам ортодо талаш-тартыш жаралган.