Айланма жолдо авария катталып, айдоочу каза болду

Айланма жолдо авария катталып, айдоочу каза болду.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда кечки саат 19:25тер чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда 1995-жылы туулган Ж.А.Ж. аттуу айдоочу “Тойота-Приус” унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай батыштан чыгышты көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу “Ситрак” унаасын сүзгөн. Анын айдоочусу Кытай жараны 1982-жылы туулган А.Л. болгон.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 29 жаштагы Ж.А. окуя болгон жерде каза болуп, анын эки жүргүнчусү ар кандай жараат менен Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген. 

Бул кырсык тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

10:23, 30-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар