Милиция кызматкерлерине 36 авто унаа тапшырылды
Аларды ички иштер орган кызматкерлерине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырып, дагы унаалар келерин кошумчалады.
"Акыркы 2 жылда 300дөн ашуун автотранспорт сатып алынып, ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды. Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди, жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет”, - дейт Акылбек Жапаров.