Бакыт Төрөбаев дагы бир кызматты кошо аркалайт
Бакыт Торобаев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрация билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 – беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Торобаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Бакыт Торобаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилди.