“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды
“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 10-октябрда “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү дагы бир жолу УКМКга суракка чакырылган. Сурактан кийин тергөөчүнүн чечими менен ал кармалып, аталгана мекеменин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Айрым маалыматтар боюнча Тимур Файзиев УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.