Өткөн жумада мас абалында автоунаа айдаган 334 киши катталды
Өткөн жума ичинде Кыргызстандын аймагы боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда жол эрежелерин бузуу боюнча 18 434 факты аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекемеден билдиргендей, мас абалында автоунаа айдаган 334 киши катталды. Дагы 298 адам тийиштүү документтери жок машине айдаган. Ал эми 50 айдоочу автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан.
Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуулар, эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар, ылдамдыктан ашуу, жалган мамлекттик номур менен унаа башкаруу жана башка фактылар аныкталган.
1847 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.