Тарыхый жеңиш! Адилет Жапаркулов Жайкы Сурдлимпиада оюндарында алтын утту
Бүгүн, 24-ноябрда кыргызстандык балбан Адилет Жапаркулов Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарынын чемпиону болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын бул жеңиши Кыргызстан үчүн Сурдлимпиада тарыхында дагы, өлкөнүн эркин күрөш боюнча дагы алгачкы алтын медалы болуп саналат.
Ал 74 кг салмак категориясында күч сынашып, алгач Казакстандын балбаны Тургынбай Гассырды 3:1 эсеби менен жеңген. Чейрек финалда Беларусь спортсмени Алексей Колесник менен беттешип, аны 7:2 эсеби менен уткан.
Жарым финалда кыргызстандык балбан Денис Трехубенко менен кармашты 5:2 эсеби менен жыйынтыктаган.
Белгилей кетсек, финалдык беттеште Адилет Жапаркулов Ирандын спортсмени Аболфаси Зохревандды 3:0 эсеби менен жеңип, XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарынын чемпиону аталды.