Жөлөк пулду карабай, 70 миң сом киреше тапкан ишкер айым президентке кайрылды

Мурда 7 миң сом жөлөк пул алып, азыр ишкерликтен 70 миң сом таап жаткан айым президентке кайрылды.

Бул көрүнүш Бишкектеги Алтай шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуу учурунда орун алды.

Маалым болгондой, экинчи топтогу майыптыгы бар айым “Социалдык контракт” программасы аркылуу мамлекеттен алган 100 миң сом каражатка унаа оңдоочу жай ачкан. Унаа оңдоону билген айым ишкерликке чейин 7 миң сом жөлөк пул алып келген.

15:28, 21-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар