УКМК: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 180 мамлекеттик кызматкер иштен алынды
Камчы Көлбаев жана Раим Матраимов менен байланышы үчүн 180 мамлекеттик кызматкер иштен алынды - УКМК
Жалпысынан УКМКнын маалыматы боюнча ар кандай рангдагы 226 кызматкер аныкталган.
Бажы кызматында – 85 кызматкер, 76сы иштен алынган. Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер болсо, 14ү иштен четтетилген. Жергиликтүү бийликтин 65 өкүлү кызматынан бошотулуп, жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырды.
Массалык кыскартуулар башка министрликтер менен ведомстволордо да болуп жатат, деп кошумчалады УКМК.