Өлкөгө көчөттөрдүн айрым түрлөрүн алып кирүүгө тыюу салуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын аймагына айрым мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү пландоодо. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкөдө ар түрдүү мөмө-жемиш сорттору көбөйүп кеткендиктен, бүгүнкү күндө жаңы, заманбап, сапаттуу, рынокко ылайыктуу, экспорттук талаптарга жооп берген сортторду өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. 

Ушундан улам сапаты төмөн жана талапка туура келбеген көчөттөрдүн киришин чектөө максатында убактылуу чектөө киргизилип жатат. 

Документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып алты айга чейин мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн айрым сортторунун көчөттөрүн импорттоого тыюу салуу сунушталууда. 

Чектөө реэкспортко, транзитке жана ЕАЭБдин ички товар айлантуусуна колдонулбайт. Аталган чектөө импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ата мекендик питомниктер тарабынан сертификатталган көчөттөрдүн чыгарылышын стимулдаштырып, дыйкандардын сапаттуу материалга болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтет. 

Белгиленгендей, мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана ташылып келүүчү көчөттөрдүн сапатын көзөмөлдөөгө багытталган.

16:05, 18-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар