Ысык-Көлдө жыл бою иштей турган “Каркыра” тоо комплекси курулат

Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди. Долбоорду “Эко Сити Каркыра” ЖЧКсы ишке ашырууда. Долбоордун баасы 191 миллион доллардан ашат.

Комплекстин курулушу 6 этап менен ишке ашырылышы пландалууда. Объект 5 миң кишиге ылайыкталган. Лыжа трассаларынын жалпы узундугу 100,7 км, асма жол 20,7 км болот.

Каркыра комплекси жаратылышты коргоо мыйзамдарына, эл аралык экологиялык стандарттарга жана Эл аралык FIS лыжа федерациясынын талаптарына ылайык долбоорлонуп курулат.

15:46, 06-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар