Бишкекте 10 сойкукана аныкталып, анын уюштуруучулары жана 70 кыз кармалды
Бишкекте 10 сойкукана аныкталып, анын уюштуруучулары жана 70 кыз кармалды
Аталган жайлар массаж салону атын жамынып, интимдик кызмат көрсөтүп келишкен. Алардын уюштуруучулары жана 70 кыз кармалганын УКМК билдирет.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткан жерлерде 10 сойкукананын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 жеңил ойлуу кыздар, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган.
Сойкуканаларда администраторлор иштеп, алар иштеген убактынын жана кардарлардын эсебин алып турганы аныкталды. Ал эми тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган.
Кылмыш ишинин алкагында, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.