Ташкентте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди
Күн мурун Өзбекстандын Улуттук университетинде "Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн жалпы мурасы" деген темада эл аралык илимий-адабий конференция өттү.
Бул иш-чара Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын Жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурулду.
Конференцияга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, акын, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Керимбек Кадыракунов, Өзбекстандын эл акыны Маркабай Ааматов, "Кыргызстан – Өзбекстан" достук коомунун директору Бегижан Ахмедов, жазуучу, котормочу Абибилла Пазылов, "Улуу тоолор" басмаканасынын директору Жумадин Кадыров жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов катышты.
Конференциянын башталышына чейин катышуучулар Ташкент шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө улуу жазуучуга арналган эстеликке гүл коюшуп, аталган университетте уюштурулган "Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан" аттуу экспозиция менен таанышты.
Иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун замандаштары, эки өлкөнүн белгилүү жазуучулары, котормочулары, адабият таануучулары жана коомдук ишмерлери улуу калемгердин чыгармачылыгынын түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы тууралуу ой бөлүштү.
Элчи Дүйшөнкул Чотонов өз сөзүндө Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук кайра жаралуу мезгилинде жана көз карандысыз мамлекеттер түзүлгөн доордо түрк элдеринин аң-сезимин ойготууга жана бекемдөөгө чоң таасир тийгизгенин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү жаңы чакырыктар жана кооптуу жагдайлар шартында Айтматовдун мурасы түрк дүйнөсүнүн маданий биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору бойдон калууда. Анын чыгармалары жалпы тарыхыбызды, руханий мурасыбызды жана адамзаттык баалуулуктарыбызды эске салып, элдер ортосундагы тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну даңазалайт”, — деди элчи.
Конференциянын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктар жана түрк элдеринин биримдигиндеги орду боюнча бир катар докладдар окулду. Ошондой эле заманбап дүйнөдө анын идеяларынын актуалдуулугу тууралуу талкуу жүрдү.
Иш-чаранын алкагында Каныбек Иманалиевдин “Кыргызнамэ” жана Роза Айтматованын "Кат келди" аттуу китептеринин өзбек тилиндеги бет ачары өткөрүлдү.
Ошондой эле бул экспозициянын директору, “Дүйнөлүк адабият” журналынын башкы редактору Ахмаджон Мелибоев, “Кыргызстан–Өзбекстан” достук коомунун төрагасы Зухритдин Исамутдинов жана Өзбекстан Журналисттер уюмунун мүчөсү Төлөнбай Курбанов Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун юбилейлик медалы менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин дүйнөлүк деңгээлде белгилөө жана 2028-жылды БУУ тарабынан "Айтматов жылы" деп жарыялоо сунушу камтылган резолюция кабыл алынды.
Кыргызстандык жазуучулардын Өзбекстандагы иш сапары уланууда.