Бишкекте баңгизат сатууга шектелип 3 жаран кармалды

Бишкек шаарында баңги заттарды сатууга жана таратууга шектелип 53, 48 жана 42 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, шаардык милиция бөлүмүнө мурда бир нече жолу соттолгон «Бек» жана «Вика» аттуу адамдар чөнтөк уурулары менен тыгыз байланышта болгондугу, ошондой эле алардан алынган акчаларга баңгизаттарды көп өлчөмдө сатып алып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 53 жаштагы Ж.Д., 48 жаштагы А.М. жана 42 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция тинтүү жүргүзүлгөн учурда 20 даана кутучадагы жалпы салмагы 327 граммды түзгөн кара куурайдын чайыры табылып алынганын билдирди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

 

 

13:12, 17-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар