"Унаа" мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси коррупцияга шектелип кармалды

"Унаа" мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал пара алуу, документ жасалмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

"К.К. аттуу жаран INFINITY FX37 унаасын жасалма документ менен каттоо үчүн "Унаа" директорунун Ш.Б. аттуу орун басарына 1500 доллар пара берген. Документти Жайыл-Панфилов бөлүмүнүнө алып барып, ал жактан С.Д. аттуу адис кем-карчысын толуктап, унааны каттаткан. Мындан соң унаа үчүнчү жактарга сатылып, андан ары Казакстанга чыгарылып, ошол жакта катталган", — деп айтылат маалыматта.

Милиция учурда ишке тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча иштеп жатканы кошумчаланды.

13:53, 02-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар