Балдарды мектепке каттоонун 1-этабы жүрүп жатат
Балдарды мектепке каттоонун 1-этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бөбөктөрдү "Түндүк", 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу каттоого болот.
Жол-жобосу төмөнкүдөй:
ата-эне "Мектепке электрондук каттоо" бөлүмүнө кирип, сунушталган варианттарды тандашы керек. Мектептер ата-энелердин жашаган эмес, катталган жерине (пропискасына) жараша сунушталат;
ата-эне 2018-2019-жылдары туулган балдарын каттоону 1-июнга чейин ырасташы керек;
2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылкылар 2-класска катталат. Ошол эле учурда "Наристе" программасынан даярдыктан өткөн 2019-жылкылар 2-класска кире алышат.
макулдук берип жатканда окуу тилин дароо тандаш керек. Тиркемеде кыргыз тили коюлган. Кийинчерээк тилди өзгөртүү мүмкүн эмес.
сунушталган мектептерге баланы каттоодон баш тарткан учурда экинчи этапка калат. Ал 2-июнда башталат. Бул этапта микроучасток боюнча эмес, бош орун бар мектепти тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.