ӨКМ: Тоолуу райондорго жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

24-26-март күндөрү боло турган жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондоруна жана ашуудагы унаа жолдорго кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кар көчкү төмөнкү унаа жолдорго түшүүсү күтүлөт:

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;

Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда;

Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;

Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында.

Бул күндөрү муз тоңуп, жолдор тайгак болот. ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.

12:23, 24-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар