Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана илим министри катары дайындоо жарлыгына кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Кендирбаева президенттин 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Жогорку Кеңеш 5-октябрда аны министрликке дайындоого макулдук берди.

Буга чейинки министр Каныбек Иманалиев "тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган" деген негизде 7-сентябрда кызматынан бошотулган..
Догдуркүл Кендирбаева буга чейин “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору, 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

17:15, 06-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар