Чек арадан 1 кг баңгизат алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

28 жаштагы Өзбекстандын жараны 1 кг баңгизатты чек арадан алып өтүүгө аракет кылып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган жаран Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон тилкелери аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталган. Ал 1 кг «гашишти» алып өтүү аракети учурунда кармалган.

Өзбек жаранына Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

13:59, 18-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар