Кыргызстанда сутка ичинде 26 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда сутка ичинде 26 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош облусунда – 5;
- Чүй облусунда – 7;
- Жалал-Абад облусунда – 5;
- Ысык-Көл облусунда – 3;
- Баткен облусунда – 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.