12-13-мартта Бишкектеги мектеп, бала бакчалар онлайн-форматка өтөт
12-13-мартта Бишкектеги мектеп, бала бакчалар онлайн-форматка өтөт. Маалыматты муниципалитеттен тастыкташты.
Ага ылайык, бала бакчаларда бөбөктөрдү кабыл ала турган "нөөмөттөгү топ" түзүлмөкчү.
"Бишкек мэриясы ата-энелер коомчулугун учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт", — деп айтылат маалымата.
Эртең Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун келери күтүлүүдө.