Судьялар кеңешине жаңы төрайым шайланды

Күн мурун Судьялар кеңешинин жаңы курамынын биринчи отурумунда Судьялар кеңешинин төрайымы шайланды.

Мекемеден билдиришкендей, Судьялар кеңешинин регламентине ылайык, биринчи отуруму Судьялар кеңешинин улуу мүчөсү Турсунгүл Чаргынованын төрагалыгы астында өтүп, анын жүрүшүндө Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен үч жылдык мөөнөткө шайлады.

Судьялар кеңешинин төрагасы болуп Жогорку соттун судьясы Сейдакматова Аида Асанбековна, ал эми төраганын орун басары болуп Чүй облусунун административдик сотунун төрагасы Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич шайланды.

Аида Сейдакматова буга чейин Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү болгон. «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 11-пунктуна ылайык, анын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктары 2025-жылдын 5-мартында өткөн судьялардын курултайында Судьялар кеңешинин курамына шайлангандыгына байланыштуу токтотулган.

Белгилей кетсек, Судьялар кеңешинин бул курамы 5-мартта өткөн Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII курултайында шайланышкан.

 

 

12:02, 07-03-2025

Комментарийлер

Муратов Сулайман Назарович
Сиздин торайым болуп келишиниз менен куттуктайм. Суранаарым, судьялардын мыйзамсыз чыгарган чечимдерин ачыка чыгарып коррупцияга каршы курошту колдоп, Президентибиз Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичке собатаж кылбашынызды. Анткени Президенттердин копчулугу судьялардын коррупцияга кокосунан малынып калгандыктарынан коомго болгон жек корунуусу куч болгон. Булардын арасында озумда бармын. Жогорку соттун судьяларын моонотсуз алмаштырып Реформа кылууга Президентке сунуш киргизиниз. Себебин айта кетейин ким коп акча берсе оздору жалган чечим чыгарып жатышат. Бугада менин далилдерим бар. Кошумчам 13.02.2025 жылы Чуй областык сотунун судьясы Абдиева .... Курмантаевна чыгарган чечимдер менен Жайыл райондук сотунун судьясы Жороева Г.Ч Жороев ..... Москва райондук сотунун судьясы Каипов Э.аттуулардын чечимдерин текшерсениздер. Жана мен койгон дооматтарды конулго алып керек болсо мени жеке кабыл алсаныздар. Кааларым, ишинизге ийгилик элинизге жарык маанай олкобузго элдик байлык каалайм. Элдик байлык, элибиздин осуп онушу. Жалгыз уйун коррупцияга алдырып баш баанеги жок тукум курут болуп жаткан улутту сактап калышыныздарды.

Башка жаңылыктар