Касымалиев Токаев менен чек арадагы жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүүнү сүйлөштү
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Ак орда кабарлады.
Токаев Касымалиевдин бул сапары эки бир тууган өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгилеген.
"Соода көлөмүн кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу керек. Казак-кыргыз чек арасындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексин тез арада ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүп, транзиттик-транспорттук коммуникациялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл", — деген Токаев.
Ал эми Касымалиев эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан коюлган бардык милдеттер казакстандык кесиптештери менен тыкыр иштелип чыкканын белгиледи.
Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда кыргыз-казак чек арасында айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн жое турган электрондук системаны киргизүү, жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш, Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пунктуларын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланган.