“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо турмуш-тиричилик техникасы эсепке алынбайт
Эмгек, социалдык камсыздоо жага миграция министрлиги “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу кимдерге жана кандай учурда берилерин айтты.
Бул жөлөкпул 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө берилет. Үй-бүлөнүн тапкан кирешеси ар бир адамга бөлгөндө 1 миң сомдон ашпашы керек.
“Үй-бүлөгө көмөк” ар бир балага 1 200 сомдон 16 жашка чыкканга чейин берилет. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга жөлөкпул тийиштүү райондук коэффициенттер менен эсептелет.
“Үй-бүлөгө көмөк” дайындоодо эске алына турган кирешелер:
айлык акы, акчалай камсыздоо, ар айлык материалдык жардам;
ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;
жерди, үйгө караштуу жер тилкени иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер жана башкалар.
Аталган жөлөкпулду дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасы, тактап айтканда муздаткыч, телевизор, кир жуугуч машиналары жана башка техникалары эсепке алынбайт.
Үй-бүлөдө жеңил унаа (заводдон чыкканына 20 жылдан аша элек болсо), айыл чарба техникасы (трактор, комбайн), жүк ташуучу унаа жана кичи автобус болсо, жөлөкпул берилбейт.
Ошондой эле үй-бүлөдө ар бир адамга 4төн ашык майда мал жандык (кой-эчки) туура келсе да, жөлөкпул берилбейт. Маселен бодо малы болсо, 1 уй 6 майда жандык, 1 торпок 2,5 майда жандык, 1 жылкы 7 майда жандык, 1 бука 8 майда жандык деп эсептелет.
“Үй-бүлөгө көмөк” дайындоодо эске алынбай турган кирешелер:
пенсиянын бардык түрлөрү;
мамлекеттик жөлөкпулдар;
сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
стипендиялар жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу документтер тапшырылган айдан кийинки айдын бирнчи күнүнөн тартып бир жылга дайындалат.