Бишкекте телефондук алдамчылык учурлары көбөйүүдө
Бишкекте телефондук алдамчылык учурлары көбөйүүдө. Ушуга байланыштуу шаар мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти муниципалдык менчикти ижарага алуучуларды ижара төлөмдөрү же келишим түзүү боюнча маселелерде шылуундардын чалууларынан сак болууга чакырат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
"Эгерде сизге белгисиз номерден каражаттарды шек жараткан эсепке которуу талабы менен чалуу келсе, район боюнча жооптуу кураторго кабарлооңузду өтүнөбүз", – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот:
📞 0554 18 21 85 – Бишкек мэриясынын call-борбору;
📞 0312 97 91 95 (4229) – муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин кабылдамасы.