Нарында саатына 80 куб метр бетон аралашмасын чыгара турган завод курулат
Нарында саатына 70-80 куб метр бетон аралашмасын чыгара турган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын 160 тонна таш майдалоочу кубаттуулугу болот, кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу заводду жеке ишкана курмакчы.
"Учурда бетон аралаштыруучу төрт атайын техника келди. Бетон заводу ишке кирген учурда Нарын шаарындагы ипотекалык үйлөрдү дагы бетон аралашмасы менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ишкананын өкүлдөрү президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен болгон жолугушууда заводдун курулуш иштери жазында башталары кошумчалаган.