Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу эми UFC уюмунда мушташат
Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу беделдүү UFC уюму менен келишим түздү.
Кыргыз мушкери UFC менен 4 беттешке келишим түзгөн. Ал 3 күндөн кийин эле Лас-Вегаста өтө турган UFC уюмунун турниринде беттешке чыгат. Анын атаандашы сербиялык мушкер болот.
Мыктыбек Оролбай уулу карьерасында 11 жолу жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тарткан.