Садыр Жапаров “Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө 1 млн сомдон тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда журналистика жаатындагы “Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө 1 млн сомдон тапшырды.
Акчалай сыйлыкты сынакка катышкан журналисттердин арасынан жеңүүчү атанган 10 киши алды. Сынактын жалпы байге фонду 10 млн сом болду.
Иш-чара борбор калаадагы Опера жана балет театрында өттү.
1 млн сомдон уткан журналисттер:
“Бир эл – бир түндүк” номинациясы – УТРКнын кабарчысы Айсулуу Асанбекова;
“Керемет Кыргызстан”номинациясы – ЭлТРдин кызматкери Аскар Маратов;
“Салык – өнүгүүгө салым” номинациясы – “Акчабар” каржы порталынын башкы редактору Мария Индина;
“Билим – келечек” номинациясы –“Кутбилим” гезитинин редакциясы;
“Куттуу элет” номинациясы – УТРК Ысык-Көл телеканалынын кабарчысы Гүлбарчын Молдоева;
“Мекен жана мен” номинациясы – “Мир” телеканалынын кабарчысы Аида Аматбекова;
“Мекендештер” номинациясы – Ютуб блогер Дооронбек Адаханов;
“Кыргызстанда иштеп чыгарылган” номинациясы – ЭлТРдин кабарчысы Рахат Кыдыртокоева;
“Сергек жашоо” номинациясы – “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Череменина
“Таза Мекен” номинациясы – эркин журналист Улан Эшматов;